Жалал-Абадда ВИЧ илдети менен 559 адам катталган

Жалал-Абад облусунда ВИЧке кабылгандардын саны 559 адамды түзөт. Ал эми 2014-жылдын алгачкы 4 ай аралыгында аталган илдетке 17 адам чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ВИЧ илдетине кабылган 17 адамдын ичинен 9у эркек, ал эми 8и аял кишилер. 

Ошондой эле облус боюнча медициналык кароодон 942 кош бойлуу аял өтүп, анын ичинен экөө ВИЧ илдетине кабылганы аныкталган.   

Ал эми облустагы эпидемиологиялык абал боюнча ВИЧ илдетинин таркалышы 2011-жылдарга чейин баңгизат колдонгон жарандар арасында көп катталып келген. 2012-жылдан бери кош бойлуу аялдар арасында, мигранттарда көп каттала баштады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан