Жоомарт Оторбаев: “Чек арадагы кырдаал боюнча жоопкерчиликти моюнга алам”

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча жоопкерчиликти моюнга аларын айтты. Муну премьер-министр бүгүн, 22-майда өкмөттүн 2013-жылдагы иши боюнча парламентте отчёт берип жатып билдирди. Айтымында, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр, делимитация жана демаркация иштери уланышы шарт. 

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берди. “7-майда болгон чатакка шектүү адамдарды Тажикстан кармады. Келтирилген чыгымдарды төлөп бергени жатышат”,- дейт Маматалиев.

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан