Бүгүн, 22-майда Ош шаарындагы Улуттук драма театрында Кытай Эл Республикасынын экспорттук товарларынын көргөзмө-жарманкеси башталды. Ош шаарынан жана Ош облусунан бир катар ишкерлер жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайдан келген өкүлдөрдү тосуп алышты.
Анда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кашкар округунун губернаторунун орун басары Ван Юньжи шаардын элине жана жетекчилерине кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары Кытайда да Оштун жарманкеси уюштурулуп турарын белгилеп өттү.
Айта кетсек, 22-майдан 26-майга чейин Кытай Эл Республикасынын экспорттук товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Анда айыл чарба техникалары, үй тиричилигине керектелүүчү боюмдар коюлмакчы.