Ушул жылдын алгачкы 4 айында Бишкекте 67 өспүрүм "дайынсыз жоголгон" деп изделген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 2014-жылдын биринчи кварталында 67 өспүрүм "дайынсыз жоголгон" деп издөөгө алынып, алардын баары табылган. Өспүрүмдөрдүн жоголушунун жана алардын кылмышка баруусунун негизги себептери болуп айрым ата-энелердин кайдыгер көзөмөлү эсептелүүдө. Андыктан Бишкек ШИИББи борбор калаанын башчылыгына өспүрүмдөрдү жашы жеткен өкүлдөрдүн коштоосусуз кечки саат ондон кийин жүрүүгө тыюу салууну сунуштап жатканы белгилүү болду.