2013-жылы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында 36 чатак чыккан

2013-жылы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында 36 чатак чыккан. Муну парламенттин 22-майдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Айтымында, 2014-жылдын 5 айында чек арада 24 конфликт чыкты. “2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасында 15 чатак, кыргыз-тажик чек арасында 21 конфликт чыккан. Келтирилген чыгымдардын суммасын так айта албайм” деген Маматалиев кошумча маалыматты жазуу түрүндө берерин депутат Улукбек Кочкоров билдирди. 

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан