Бүгүн, 22-майда Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында Түштүк аймагынын инвестициялык 3-форуму өтүүдө. Ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан өкүлдөр келишти. Облустук администрациянын басма сөз катчысы
Шайлообек Козубаевдин айтымында, форумда кытай элинин инвестициялык долбоорлор жөнүндө маалыматы угулуп, бир катар кызматташууга кол коюлат.