Депутат Улукбек Кочкоров чек ара чатактары боюнча бир да министрдин иштен алынбаганына нааразы

Парламент депутаты Улукбек Кочкоров чек ара чатактары боюнча бир да министрдин иштен алынбаганына нааразы. Муну депутат парламенттин 22-майдагы жыйынында айтып чыкты. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 2013-жылкы чек ара чатактары боюнча канча адам иштен айдалганына жооп бере албай турганын, акыркы чек ара чатагы боюнча тийиштүү жетекчилерди иштен алуу пландалып жатканын билдирди. “7-майдагы жаңжал боюнча Баткен райондук, облустук администрацияларынын жетекчилеринин, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин жоопкерчилигин карап, айрымдарын кызматтан алуу жагы каралып жатат”,- деди Маматалиев. 

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан