"Абактагы жарандын качуусуна жардам берген" деп шектелген №26-жаза аткаруу мекемесинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Абактагы адам түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылып, кара жумушчу катары 8 ай иштеген соң качып кеткендигине байланыштуу №26-жаза аткаруу мекемесинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди.

Маалым болгондой, 2008-жылдын 13-мартында №26-жаза аткаруу мекемесинин башчысы А.Д. мыйзамсыз түрдө КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы жатак-колония бөлүмүнүн мурунку башчысы Э.О. аттуу адамга абактагы Б.С. аттуу жаранды өткөрүп берген. 

Абактан мыйзамсыз чыгарылган жаран кара жумушчу катары пескоблок чыгаруучу болуп 8 ай иштеген. Андан кийин жакындарына учурашуу үчүн Сузак районуна кетип, ал жактан өзүнө паспорт алып, Орусияга иштөө үчүн кетип калган. Бирок буга карабай №26-жаза аткаруу мекемесинин жооптуу кызматкерлери жана башчысы А.Д. текшерүүлөрдө "соттолгон Б.С. аттуу адам камакта отурат" деп көрсөтүп жүрүшкөн. 

Абактан мыйзамсыз чыгарылып, кийин Орусияга кеткен адамга карата 2010-жылы “камактан качкан” деген шек менен иш козголуп, издөөгө алынган.  

Учурда аталган окуя боюнча №26-жаза аткаруу мекемесинин айрым жооптуу кызматкерлерине карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызмат милдеттеринен аша чабуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jiide.8792
2014-05-22 14:21:13
Ошондой да болобу я тообо кылмыш кылып келейн чыгарып тур же тоойго барып туугандардан салам алып келейн десе да чыгарса керек а бизде тан калам да тообо кылдым
0
restreppo
2014-05-22 15:40:09
Jiide.8792, жатак абагы деп турбайбы,колония поселение деп коет ал жак турмо эмес ал жерде иштетишет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан