Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын жетекчилери менен жолугушат

22-23-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.   

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Реджеп Тайип Эрдоган баш болгон Жогорку кеңешинин биринчи жыйынынын чечимине ылайык, эки өлкөнүн ведомстволорунун башчыларынын төрагалыгы алдында стратегиялык пландоонун биргелешкен тобунун биринчи жыйынынын форматында өтөт. 

Ал эми 3-июнда Анкара шаарында боло турган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин үчүнчү жыйынына карата даярдык көрүү иштеринин алкагында соода-экономикалык тармактагы абал талкууланмакчы.

Сапардын жүрүшүндө Түркиянын жогорку жетекчилиги менен жолугушуулар пландалган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан