Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге чиновниктердин жоопкерчилигин кароону сунуштады. Депутат өлкөдөн айрым мисалдарды келтирди. “Чек арада 50дөй чатак чыкты, бирок бир дагы чиновник кызматтан кеткен жок. Кургакчылык мезгил эми кирип келе жатканына карабай Токтогул суу сактагычында суунун өлчөмү өтө аз. Буга ким жооп берет? Урматтуу премьер-министр, сизди принципиалдуу адам катары жакшы билебиз. Күнөөлүү жетекчилерди партиясына карабай жоопко тартышыңызды өтүнөм”,- деди Кочкоров.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту талкууланууда.