Депутаттар мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин парламентте кароону сунушташууда. Муну бүгүн, 22-майда ЖКнын жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирип, нарындык мугалимдердин арыз-муңун билдирди. “Мугалимдер айлыктары көтөрүлбөгөнүн айтышууда. 2010-жылдагыдай эле маяна алып жатыптыр. Бул маселени парламентте карап, принципиалдуу чечимдерди кабыл албасак болбойт”,- деди депутат.
Абдылдаев Нарында токойчулардын айлыгы 1,5-2 миң сом экенин кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту талкууланууда.