Нарында кургакчылыктан улам пландалган эгин себүү иштери 70 пайызга гана аткарылды

Кургакчылыктан улам Нарын облусундагы жазгы талаа иштеринде бир катар кыйынчылыктар пайда болууда. Былтыркы жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 6,383 гектар жер аз айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүнкү күндө аталган аймакта 25,700 гектар жер айдалып, ал пландалган аянттын 70 пайызын гана түздү. Ал эми буудай 75 пайыз, арпа 70 пайыз, көп жылдык чөп өсүмдүктөрү 52 пайызга себилип, картошка 65 пайыз, жашылчалар 63 пайызга гана отургузулган.

Ал эми 2014-жылдын жазгы талаа иштеринде облус аймагында 40 миң 4 гектар жер аянтына айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн айдоо пландаштырылган. Ошондой эле 27,587 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери жана жүгөрү, 5,940 гектар аянтка картошка, 520 гектар жерге жашылча жана 5,957 гектар аянтка чөп өсүмдүктөрүн айдоо иштери пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks83
2014-05-22 15:39:10
оба кургакчылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан