Жалал-Абадда жарандык коргонуу боюнча абалды текшерүү иштери өтүүдө

Жарандык коргонуунун 2014-жылга даярдык планынын негизинде Жарандык коргонуунун жетекчилигинин катышуусу менен Жалал-Абад облусунун аймагында машыгуулар өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты - коңшу өлкөдөн качкындар келген учурда аларды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо боюнча пландын реалдуулугун текшерүү жана бул маселелерди практика жүзүндө иштеп чыгуу.

“Коңшу өлкөдөн качкындар келген учурда аларды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо боюнча Жарандык коргонууну башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш-аракеттери” аталышындагы үч күндүк атайын машыгуу 24-майда аяктайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан