Кыргызстанда 2013-жылы бруцеллёз менен ооругандардын саны 3 эсе азайды. Муну парламенттин 22-майдагы жыйынында депутат Талант Узакбаев билдирди. Депутат ветеринардык тармакта абал оор бойдон калып жатканын айтып: “Ветеринариянын түзүмү бекемделе элек. Ветеринардык бөлүмдөрдүн башчыларына баш ийген адам болбой жатат. Оорулар күчөп кетти. Ветеринария департаментинин жамаатын кабыл алып, алардын сөздөрүн угуп коюңуз”,- дейт депутат.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту талкууланууда.