2014-жылдын 1-кварталында “Тазалык” муниципалдык ишканасы жалпы суммасы 169,1 миллион сомдук иш аткарды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда борбор калаанын мэри К.Кулматовдун 100 күндүк ишинин отчётунда айтылды.
Маалыматка ылайык, аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1 миллион сомго көбүрөөк.
Бюджеттик каражаттардын эсебинен шаардын 96 көчөсүн, 4 аянтты, 13 гүлбакты, 5 сейил бак жана бульварды, 45 эстелик жана монументтерди тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Бул иштерге орто эсеп менен айына “Тазалык” ишканасынын 563 жумушчусу тартылган.