Бүгүн, 22-майда Кытайдын Үрүмчү Синьцзян-Уйгур автономдуу округунда катталган жардыруудан каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 31ге жетти. Ал эми жаракат алгандар - 90. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00 чамасында базарга эки машина келип, жарылуучу заттарды ыргытып, мындан улам өрт чыккан. Учурда Кытай бийлиги бул окуяны теракт деп атап, күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартууну буйрушту.
Кошумчалай кетсек, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда уйгурлар менен кытайлардын ортосунда пикир келишпестиктер байма-бай чыгып келет. Расмий маалыматтарга караганда, мусулмандар аймакта диний согуш баштоону көздөп келишет. 30-апрелде Үрүмчүдөгү темир жолдо теракт болуп, 3 жаран курман болгону жана 79 адамдын жараат алганы айтылган.