Жалал-Абадда коррупцияга каршы иш-чаралар боюнча Координациялык кеңешме өттү

Жалал-Абадда бүгүн, 22-майда шаардык мэриянын чоң жыйындар залында Координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кеңешмеге Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев, Жалал-Абад шаарынын прокурору Дайыр Эрмеков, Жалал-Абад ШИИБинин башчысы Нурдин Насыркулов жана шаар ичиндеги мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Аталган кеңешмеде ар бир мекеменин жетекчиси бул боюнча баяндама жасашты. Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевдин айтымында, бүгүнкү кеңешменин негизги максаты - 2013-жылы коррупцияга каршы кайсы мекемелерде кандай иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн жана коррупцияны кантип жоюу керек экендигин талкуулоо.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан