КТРКнын токмоктолгон журналисти Бурулай Пусурманкулова белгисиз бирөөлөр телефон чалып коркутуп жатканын кабарлады

КТРКнын сабалган журналисти Бурулай Пусурманкулова бүгүн, 10-январда Бишкек ШИИББге арыз жазгандыгын билдирди. “Мындай кадамга аргасыздан бардым. Анткени кечээ кечинде уюлдук телефонума белгисиз бирөөлөр чалып, "милицияданмын" деп сыртка чыгуумду талап кылды. Мен чыкпаган соң  дарбазаны ургулай башташты, анан телефонумду өчүрүп салдым” деди жабырлануучу. Эске салсак,  7-январда "Ататүрк" сейил багындагы элиталык үйлөрдүн жашоочулары короткон электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөндүгү боюнча РЭСтин кызматкерлери менен бирге рейд жүргүзүп жүргөн учурда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо" маалымат программасынын журналисттери Ширин Асанакуновага жана Бурулай Пусурманкуловага Бишкектин экс-вице мэри Абдраим Кулбаевдин уулу Айдин Кулбаев тарабынан кол көтөрүү, опузалоо болгон.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан