Бишкек шаары боюнча 2014-жылы “Жаш мугалим депозити” программасына 7 миллион сомдон ашык каражат каралган

Бишкек шаары боюнча “Жаш мугалим депозити“ программасына 7,6 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Бишкектин мэри К.Кулматовдун 100 күндүк ишинин отчётунда айтылды.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 94 орто мектепте 111 534 окуучу окуйт. Ал эми Бишкек шаарынын билим берүү тармагында 7,168 педагогикалык кызматкер эмгектенет. 2014-жылдын башынан тартып 214 мугалим жана 46 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары кесиптик деңгээлин жогорулатуу курстарынан өтүшкөн.

Маалыматта белгиленгендей, билим берүү тармагынын маанилүү багыттары билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо болуп саналат. Бул боюнча милдеттерди ишке ашырууга 2014-жылы 1,7 миллиард сом бөлүнөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан