Бишкекте бүгүн, 22-майда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттардын алдында жасаган иштери тууралуу отчёт берип жаткан мэр Кубанычбек Кулматов азыркы күнгө чейин кайра куруу иштери бүтө элек “Дельфин” бассейни тууралуу Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берди.
Депутат бассейндин кайра куруу иштерине 17 миллион сомдон ашык каражат сарпталганын, бирок азыр да кыйраган абалда турган бассейнден иштин жыйынтыгын көрүү мүмкүн эмес экенин айтты.
Мэрдин айтымында, учурда КРнын Эсептөө палатасы текшерүү иштерин жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныктап жатат. Андан тышкары оңдоп-түзөөгө убадаланган кошумча каражат бөлүнө элек. Ушул себептүү бассейндеги курулуш иши токтоп турат.