Куршаб айылында жергиликтүү жашоочулар менен массалык мушташ жараткан кытай жарандары Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндүгү белгилүү болду

Өзгөн районунун Куршаб айылында жашап-иштеп жүргөн кытай жарандары Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндүгү аныкталды. Мындай билдирүүнү Акыйкатчы институтунун Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкапар Үсөнов билдирди. Анын айтымында, Куршаб айылында болгон окуяны иликтеген укук коргоочулар ал кытайлар Кыргызстанда мыйзамсыз жүрүшкөндүгүн, жумушка орношууга уруксаты, эч кандай күбөлөндүрүүчү документи жок экендигин аныкташкан. Укук коргоочулар бул көрүнүш үчүн Өзгөн районунун миграция бөлүмүн күнөөлөштү. Ошондой эле аталган кытай жарандары иштеген ТВЕА компаниясынын жетекчилиги жумушчуларына байланыштуу Кыргызстандын мыйзамын сактоо боюнча иштерди көзөмөлгө албаганы үчүн айыпталды. Эске салсак, 8-январда Куршаб айылында жергиликтүү тургундар менен кытайлык мигранттардын ортосунда массалык мушташ чыгып, жыйынтыгында 6 милиция кызматкери, 4 жергиликтүү жаран жана 18 кытай жараны денесинен ар түрдүү жарааттарды алышып, ооруканага жетирилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан