Асылбек Жээнбеков: "Өкмөт башталган иштерди аягына чыгарышы керек"

Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков президенттин демилгеси, парламент менен өкмөттүн аракети менен энергетикалык көз карандысыздык, коопсуздук, мамлекеттик тил көйгөйлөрү Улуттук кеңеште талкууланып, жакшы иштер башталганын айтты. Башталган ишти ийгиликтүү улантуу өкмөткө байланыштуу экенин билдирди.

"Өкмөт башталган иштерди улантып, аягына чыгарышы керек. Мисалы, саламаттыкты сактоо тармагында канткенде өзгөрүүлөр орун аларын, акысыз медициналык кызмат көрсөтүү кайсы жерден бүтүп, кайсы жерден акы төлөө башталарын аныктап, бул тууралуу элге маалымат бериши шарт. Билим берүү тармагында да чечиле турган көйгөйлөр көп. Өкмөт ушундай маанилүү тармактарга өзгөчө көңүл буруп, өлкөнү 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программаны жүзөгө ашырышы зарыл",- деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан