"Мал уурдаган" деген шек менен Чүй облусунун тургуну колго түшүрүлдү

"Мал уурдаган" деген шек менен Чүй облусунун тургуну колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Чүй облусундагы Кошой айылынын 58 жаштагы тургуну кайрылып, жайыттан белгисиз адамдар уюн уурдап кетишкендигин кабарлаган. Ошондой эле 61 жаштагы аталган айылдын тургуну да Тогуз-Булак жайытынан уюн уурдатканын маалымдаган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Альберт аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан