Токмок шаарында "бет капчан келип, үй ээсине күч колдонуп батирин тоногон" деген шек менен 5 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди.
Маалым болгондой, 19-май күнү таңкы саат 5:00 чамасында Токмок шаарындагы батирлердин бирине бет капчан бир нече адам кирип келип, үй ээсин ур-токмокко алып, кийин 30 миң сом акчасын алып кетишкендиги тууралуу кабар келген. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 20-22 жаштардагы 5 адам кармалган.
Азыркы тапта кармалгандардын дагы башка кылмыштарга тиешелери бар же жоктугу текшерилип, окуянын чоо-жайы иликтенип жаткандыгы маалым болду.