КТРКнын кабарчыларын токмоктогон экс-депутаттын уулу Айдин Кулбаев 2 айга камалды. Мындай чечимди бүгүн, 11-январда Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Эске салсак, 7-январда “Түндүк электр” ААКсынын кызматкерлери менен бирге рейд жүргүзүп, эфирге сюжет даярдап жүргөн учурда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо" маалымат программасынын журналисттери Бурулай Пусурманкулова жана Ширин Асанакунованы "Ата түрк" сейил багындагы Малдыбаев №16дүн жанында Айдин Кулбаев сабап, коркутуп-үркүткөн. Бишкек шаардык ИИББи кылмыш ишин козгоп, эки күндөн кийин шектүү кишини кармаган. Айыпталуучу Айдин Кулбаев Бишкектин экс-вице-мэри, парламенттин мурдагы депутаты Абдраим Кулбаевдин уулу.