“Жалган маалымат тууралуу мыйзам журналисттерди эки тарапка бөлүп салышы мүмкүн” дейт адис Мэри Бекешева

“Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайлап такталбаган маалымат тараткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү” мыйзам кыргызстандык журналисттерди эки тарапка бөлүп салышы мүмкүн”,- деп айтты бүгүн, 22-майда тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Мэри Бекешева.

Анын айтымында, биринчи тарапта - бийликти колдогондор, экинчиде - бийликтегилерди сындаган эркин журналисттер.

Мындан тышкары Бекешева бүгүнкү күнү басылмаларда ушактардын азайганын баса белгиледи. “Эки-үч жыл мурун басылмаларда ушактар абдан көп жазылчу. Бүгүнкү күнү алардын азайганы байкалууда. Анткени коомчулук кимдир бирөөнү негизсиз каралоону, калп маалыматты жарыялоо туура эмес экенин түшүнө баштады”,- деди адис.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 17-майында президент Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койгон. Анда кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайлап такталбаган маалымат тараткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагы каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан