Депутат Эркин Сакебаев Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө

ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Эркин Сакебаев Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин районундагы шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүдө. 10-январда депутат Аламүдүн районундагы шайлоочулары менен жолугушуу өткөрүп, ага райондун аймагында жайгашкан Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын тургундары да катышты. Жолугушуу жүрүшүндө трансформатор койдуруу, электр чубалгыларын тартуу, таза суу, жол маселелери жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерине айланып калганы айтылды. Өз учурунда шайлоочулар жаңы конуштарга мектептерди куруу, жүргүнчү ташуучу автоунааларды жүргүзүп берүү маселесин билдиришти. Эркин Сакебаев айтылган суроо-талаптар боюнча парламентте маселе көтөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирүүгө убада берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан