Маалыматка ылайык, аталган семинар-тренинг Голландиянын “ИККО кооперейшн” Эл аралык коому тарабынан каржыланып, ага бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана ӨКМнын Талас облустук башкармалыгы тарабынан өкүлдөр катышты.
Жыйындын башында Улуттук платформанын катчылыгынын жетекчиси М.Бекжанов Кыргызстанда жана дүйнө өлкөлөрүндө болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар, андагы көйгөйлөр, техногендик факторлор жөнүндө кенен баяндама жасап, андан соң ал темаларда талкуу болуп, катышуучулар суроолоруна жооп алышты.