Аба ырайы, 23-май: Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт

23-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын кээ бир тоолуу райондордо күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +7°C

Талас облусу. Күндүз +22°C, түнкүсүн +6°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +27°C, түнкүсүн +13°C

Баткен облусу. Күндүз +26°C, түнкүсүн +10°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +6°C

Нарын облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +5°C

Бишкек шаары. Күндүз +22°C, түнкүсүн +5°C

Эскертүү!

2014-жылдын 22-23-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. 23-24-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоо этектеринде, Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге жана жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан