Жайыл районунун бардык аймактарын тейлөөчү үй-бүлөлүк медицина борбору флюороаппаратка муктаж

Жайыл районунун бардык аймактарын тейлөөчү Кара-Балта шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борбору жаңы флюороаппаратка муктаж болууда. Учурда аталган борбордун биргелешкен имаратына жайгаштырылган флюороаппарат иштен чыгып калган. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Үй-бүлөлүк медицина борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калкты текшерүүдөн өткөрүү 1-октябрга чейин иштөөсү көчмө флюороаппаратынын жардамы менен өткөрүлүүдө. Ал эми аны менен суук мезгилде иштөө мүмкүн эмес.

Ошондой эле Суусамыр айылындагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору "Тез жардам" унаасына, рентген менен УЗИ аппаратына жана стоматологиялык жабдууга муктаж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан