* Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы
борбор шаардын четиндеги Лебединовка айылынан аккан суудан археологиялык баалуу материалдар табыла баштагандыгы коомчулуктун көңүлүн бийлеген окуяга айланган. Жергиликтүү калк мындан Будданын алтын айкелин, тоту куш кеби салынган алтын шакек сыяктуу кун жеткис буюмдарды табышкан. Адамдар алардын көпчүлүгүн шаардагы алтын сатып ала турган дүкөндөргө, бир даарын Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитетине тапшырышкан.
* Мындан 101 жыл мурун, 1913-жылы акын, жазуучу, көптөгөн көркөм китептердин жана сатиралык, лирикалык чыгармалардын автору Райкан Шүкүрбеков Кара-Буура районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган. 1933-1953-жылдары театрда артист болуп иштеген. 1938-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясынын адабият бөлүмүн башкарган. Ал кыргыз драматургиясынын, асыресе комедия жанрынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын "Күрөш", "Бейиш арасында", "Айдар", "Жапалак Жатпасов" пьесалары театрда коюлган. Орус жана башка элдердин жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Райкан Шүкүрбеков 1962-жылы 49 жаш курагында кайтыш болгон.* Мындан 583 жыл мурун, 1431-жылы Франциянын Улуттук Баатыры, аскер башчысы Жанна д'Аркка англиялыктар тарабынан "сыйкырчы" деген кине коюлуп, чиркөө сотуна тапшырылган. Бир аптадан кийин күнөөлүү деп табылып, өрттөлүп өлтүрүлгөн. Арадан 25 жыл өткөндө акталган.