Орусия Европага "Интервидение" сынагы менен жооп бергени турат

Орусия октябрь айында Европага "Интервидение. Беш жылдыз" сынагы менен жооп бергени турат. Белгилүү продюсер Игорь Матвиенконун айтымында, бул сынак Сочи шаарында өтөт. 

"Бир кезде "Интервидение" эң мыкты сынактардын катарында эле. Эми ал кайрадан жандануу алдында турат. Эгер сынакта биздин өлкөнүн намысын коргой турган жакшы талант чыкса, анда эң сонун болот. Орусиянын намысын ким коргой турганы 15-июнда билинет",- деп продюсер 23-майда орусиялык маалымат каражаттарына билдирген. 

Маалым болгондой, "Интервидение" сынагына КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн жаш таланттары катышат. Мындан сырткары Түштүк Корея, Япония, Кытайдын таланттары да бул сынакта өнөрүн тартуулай алышат. 

Белгилей кетсек, "Интервидение" сынагы алгач 1977-жылы өткөрүлүп, ага 11 өлкө катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан