Өкмөт: 22-майга карата дыйкандарга 3,7 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда дыйкандар 22-майга карата “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында 3 миллиард 709 миллион 104 миң сом жеңилдетилген насыя алышты. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Насыя 12 151 жаранга берилгени айтылды. Насыяларды көп алуу жагынан Чүй облусу алдыда. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана үрөн чарбалары тармагына 309 миллион 868 миң сом жумшалганы айтылды.