Тайырбек Сарпашев: "Өкмөт жеке сектордогу негизсиз текшерүүлөр боюнча реалдуу чараларды көрөт"

Өкмөттө 22-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги астында Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйыны өттү. Жолугушууда ишкерлерди мамлекеттик органдардын негизсиз текшерген фактыларын анализдөө боюнча кеңештин 11-апрелдеги кезексиз жыйынында экономика министри Темир Сариевге премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан тапшырылган чечимдин аткарылышы талкууланды. Сарпашев акыркы 10 жылдан бери экономиканы артка тартып жаткан нерсе натыйжасыз башкаруу экенин айтат. 

"Эгер мамлекеттик органдардын ишин жакшырта алсак, анда пландаган экономикалык максаттарга жетебиз. Бул багытта кенен жайылган иштерди баштадык. Бул иш өзүнө бир канча багытты камтыйт: коррупция менен күрөшүү чараларын жакшыртуу, мамлекеттик башкарууну реформалоо, жеке секторду өнүктүрүү стратегиясы. Өкмөт жеке сектордогу негизсиз текшерүүлөр боюнча реалдуу чараларды көрөт",- деди Сарпашев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан