Кыргызстандагы “Петрофак Энерджи Девелопмент Интернейшнл” компаниясы салык төлөбөй, натыйжада мамлекетке 22 миллион 131,9 миң сом зыян келтирген. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Кыргызнефтегаз” ишканасы Мамлекеттик салык кызматына өз убагында салык боюнча отчётторун жиберген эмес. Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы колдонгон чараларынын негизинде “Петрофак Энерджи Девелопмент Интернейшнл” компаниясы мамлекеттик бюджетке бардык салык төлөмдөрүн төлөп берүүгө милдеттенди. Бул ишке байланыштуу бардык материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.