Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 11-май күнү саат 15:30 чамасында Базар-Коргон районунда Хонда Одиссей унаасы токтотулган. Унаанын ичиндеги Максат Уруков, Илгиз Дүйшеев жана Аскар Каргабаевдин спорттук баштыктары текшерүүгө алынганда баңгизат табылган. Кармалган жарандар Ысык-Көл облусунун тургундары жана К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү экени аныкталган. Алар бир канча жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.