Ысык-Көл. Каракол шаарына 3 балдар аянтчасы курулат

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынындагы борбордук стадиондун жанына, Пристань кичи районуна, жана №7-бала бакчанын жанына балдар ойноого ылайыкталган аянтча куруу пландалууда. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүрканов билдирди. Маалыматка ылайык, стадиондун жанындагы аянтчаны курууга жумшалуучу 1 миллион 300 миң сом, калган эки аянтчага 300 миӊ сомдон каражат ушул жылы бөлүнөт. Кошумчалай кетсек, бул иштерге "Арис" долбоору тарабынан 40 миӊ доллар, жергиликтүү бюджеттен 99 миӊ сом бөлүнө турганын билдирди шаар мэри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан