Парламент: Бүгүн өлкөдө адам укуктарын сактоо маселеси боюнча коомдук угуу өтөт

Бүгүн, 23-майда парламентте "Кыргызстанда адам укуктарын сактоо" альтернативдүү баяндамасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өтөт.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети жана Адам укуктары боюнча кеңеш тарабынан 2013-жылдын 13-сентябрында "Адам укуктары жана эркиндиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн мазмуну жана мааниси катарында" деген темада тегерек стол өткөрүлгөн. Тегерек столдун катышуучулары тарабынан өлкөдө адам укуктарын сактоо боюнча альтернативдүү баяндама жана адам укуктарына арналган өкмөттүк күн өткөрүү боюнча резолюция кабыл алынган.

"Адам укуктары боюнча маселелер талкуулана турган өкмөттүк күн эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөнү жатат. Саясат айдыңында кырдаалдарды талкуулоонун уникалдуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат",- деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан