Баткен облусунда Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун буйругу чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өкүлчүлүктүн имаратында облустук структуралардын жетекчилиги менен жыйын өтүп, анда алдын алчу иш-чаралар боюнча толугураак инструктаж өткөрүлдү.
Ошондой эле Жеңиш Разаков күч түзүмдөрүнүн бардык жетекчилигине коопсуздукту жеке көзөмөлгө алууну, ошондой эле МАИ иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.