Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын парламент төрагасы Чжан Дэцзянга Үрүмчү шаарындагы көп адамдын өмүрүн алып кеткен терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Асылбек Жээнбеков өзүнүн жана парламент депутаттарынын атынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтты жана жаракат алгандардын тез арада айыгып кетишин каалады.