Жогорку Кеңештин депутаттары Орусияда миграция маселеси талкууланган жыйынга катышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова менен Нурбек Мурашев 22-майда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышты. Жыйын Санкт-Петербург шаарындагы КМШ ППАнын штаб-квартирасында – Таврия сарайында өттү.

"Жыйында "Эмгек ресурстарынын миграциясы жөнүндө", "Өзгөчө кырдаалдар учурунда эл аралык жардамдарга жана баштапкы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жана жөнгө салуу жөнүндө", "КМШга мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзамдарын жакындаштыруу жөнүндө", "Миграция тармагында маалыматтык өз ара аракеттенүү тууралуу" сыяктуу мыйзам долбоорлору каралганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан