Бүгүн Бишкек шаардык сотунда экс-мэр Нариман Түлеевдин иши каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев бүгүн, 23-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 15-май күнү сот отуруму болгон. Анда жактоочулардын биринин өтүнүчү менен 23-майга жылдырылган эле.
Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.