23-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 175 миллион метр кубду түзүүдө

2014-жылдын 23-майына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 175 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКынын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, суу сактагычка кирген суунун агымы секундуна 573 метр кубду түзсө, чыккан суунун агымы секундуна 291 метр кубга барабар болууда. 
Өткөн жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 23-майга карата 11 миллиард 429 миллион метр куб болгон. Суу сактагычка кирген суунун агымы секундуна 634 метр куб болсо, агып чыккан суунун көрсөткүчү секундуна 175 метр куб болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maksymtegin
2014-05-23 11:40:11
Өзбекстанга саткан болсо керекда эми светти кымбаттаткыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан