Ош шаарында "милиция кызматкерине 1000 доллар пара бермекчи болгон" деген шек менен аудитор кызматынын адиси кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, 21-май күнү ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкери жетекчилигине аудитор кызматынын адиси табылып чыккан фактыларды жашырып коюу үчүн миң доллар сунуштап жаткандыгын билдирген.
Ошол эле күнү Ош шаарындагы кафелердин биринде аудитор кызматынын адиси ички иштер кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жана ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.