Кыргызстандагы жолдорду куруу үчүн эл аралык институттар каражат бөлгөндө эл аралык тендер жарыяланат, анда стандарттар да, талаптар да эл аралык деңгээлде болот. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов билдирди.
Анын айтымында, тендерге каалоочулардын баары катыша алышат. "Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу - зарыл болгон долбоор. Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуудагы тоннели 1962-жылы курулган. План боюнча тоннелден суткасына 460-470 унаа өтүшү керек, бирок бүгүнкү күндө андан 3 миңден ашуун унаа өтөт. Унаа агымына тоннель туруштук бере албай калышы ыктымал. Ал жерде көйгөйлөр көп. Төө-Ашуу тоннелиндеги кырдаал түндүк-түштүк альтернативдик жолун куруу муктаждыгын жаратат",- деди министр.