Быйыл базарда бир гана эт-аштын эмес, жашылча, мөмө-жемиштин баасынын кымбаттаганы баарыбызга эле маалым. Өзгөчө күнүмдүк тамак-ашка көп колдонулуучу жашылча-жемиштерге болгон баа былтыркы жылга салыштырмалуу 5-15 сомго кымбаттаганы байкалууда.
Базар соодагерлеринин айтымында, тамак-аштын кымбатташы жыл башынан бери доллардын курсунун көтөрүлүшү менен тыгыз байланыштуу. А бирок ага карабастан, өз өлкөбүздөн чыккан тамак-аштын баасы эмне себептен өсүп жатканы бүдөмүк бойдон калууда. Учурда сырттан алынып келинген жана өз мекенибизден чыккан азык-түлүктүн баасы бирдей болуп жатат.Бишкектин базарларындагы картошканын баасы мындан 2 ай мурун кескин жогорулап кеткен. Азыркы учурда өткөн жылдын түшүмдөрүнүн килограммы 35 сомдон башталат. Ал эми иргелме картошканын баасы 50 сомду түзүүдө. Жаңы чыккан картошканын баасы бүгүнкү күндө 70 сом турат. Пияздын баасы жыл башынан бери 30-35 сомдун тегерегинде болууда. Эске салсак, былтыр ушул учурга карата анын баасы 20-25 сомду түзгөн.
Сатуучулардын айтуусу боюнча, мандариндин баасы былтыркыга караганда кымбатыраак. Себеби ал чет жактан алынып келет. Былтыр анын 1 килограммы 110 сомдон болсо, быйыл 170-200 сомду түзүүдө.
Көк пияз, укроп, кинза жана башка тамак-ашка колдонулуучу көк чөптөрдүн баасы 5 сомдон 15 сомго чейин, бул жыл башынан бери 5 сомго арзандады.
Ал эми Сокулуктун күнөсканасынан чыккан кулпунайларынын баасы айрым жерлерде 120 сом болсо, кээ бир жерлерде баасы 100 сомду түзүүдө. Сатуучулардын айтымында, мындай көрүнүш айрымдар өз баасынын үстүнө 30-40 сомго чейин кошуп сатып жаткандыктан улам болууда.
Базардагы бааларды көзөмөлдөөчү Монополияга каршы агенттик буга чейин эч кандай тыюу сала албасын жана айрым азык-түлүктүн баасынын кымбатташына чара көрө албастыгын айтып чыгышкан эле.
Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, алар картошкага гана эмес, айрым жашылча-жемиштердин баасын да тескөөгө укуктары жок. Аны көзөмөлдөө үчүн өкмөт тарабынан токтом бекитилип берилиши керек экен.