Украина бийлиги 25-майга белгиленген шайлоо өлкөдөгү саясий кырдаалды өзгөртөт деп ишенүүдө

Донецк облусундагы күзөт блогуна болгон чабуулдан 16 жоокер каза болгон. Мындан кийин Украинанын премьер-министринин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк жоокерлердин өлүмүнө жана өлкөдөгү кырдаалдын начарлашына Орусия күнөөлүү экенин айтып чыкты. Ал муну менен "Орусия 25-майда өтө турган шайлоону токтотууга аракет кылууда" деген пикирин айткан. Жергиликтүү басылмалардын бирине Яценюк: "Украинада согуш жарыялашты. Ага карабай 25-майга белгиленген шайлоо өтөт. Биздин күч түзүмдөрүбүз жана Украина армиясы мыйзамдуулукту жана тартипти көзөмөлгө алышат",- деп билдирген.
"Жекшембиге белгиленген шайлоо өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салат" деген кептер айтылганы менен, Украинанын чыгыш облустарында шайлоо жүргүзүү кыйынчылыктарды жарата тургандыгын да айтышууда. 
Жогоруда айтылган чабуул Волноваха шаарында орун алган жана анда кайсы күчтөрдүн катышканы белгисиз бойдон калган. 22-майга караган түнү болгон окуя тууралуу украиналык офицерлер чабуул орусиячыл активисттерге окшобогондугун айтышкан. 
Эске салсак, Украинанын мурунку өлкө башчысы Виктор Янукович кезексиз президенттик шайлоого барууга жана 2004-жылкы Конституцияга кайтып келүүгө көнгөнүн 21-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Анда “Янукович менен болгон түндөгү сүйлөшүү эмне менен аяктаганын билдим. 48 сааттын ичинде 2004-жылкы Конституцияны кайтарып келүүнү, 10 күндүн ичинде коалициялык өкмөт түзүүнү, декабрь айында кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү макулдашты” деп жарыяланган. 
Кийин Украинадагы президенттик шайлоо 25-майга белгиленип, ага Украинанын мурунку премьер-министри Юлия Тимошенко ат салышары айтылган. 
2014-жылдын 11-майында Луганск жана Донецк облустары Украинанын курамынан чыгып, өзүнчө, көз карандысыз аймак болуу максатында референдум өткөрүшкөн. Өз алдынча "элдик республика" түзгөн облустар президенттик шайлоого байланыштуу бардык шайлоо участкаларын жапканы белгилүү болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан