Кочкор-Ата шаарчасында батирден өрт чыгып, батир ээси эки колунан, бетинен күйүк алды

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасындагы үйлөрдүн биринде батир толугу менен күйүп, үйдүн ээси эки колунан, бетинен күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 77 чарчы метр болгон батир толугу менен күйгөн. Үйдүн ичиндеги 10 даана килем, 1  муздаткыч, 1 сыналгы, төшөнчүлөр, 12 пластик терезе, 8 пластик эшик күйүп кетти. Ошондой эле үйдүн ээси 1965-жылы туулган Токторбек Жумаев күйүк алган.  

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан