10-январда Аламүдүн райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкектеги айдоочуну талап-тоноо фактысы боюнча шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
3-январда 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Айдоочунун айтымында, аталган күнү түнкү саат 01:00 чамасында баш калаанын батыш автобекетинде мас абалындагы 1 эркек жана аял келип ага жаңы конуштардын бирине жеткизип коюусун өтүнгөн. Ошентип, унаага отурган эки жүргүнчү Ауэзов көчөсүнө жеткенде алар айдоочуну коркутуп анын 5000 сом акчасын жана үстүндөгү кийимдерин чечип алышкан.
Аталган иш боюнча ИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ж.уулу Ж. кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.