“Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары болгону менен, бир топ терс жактары да бар”,- деди өз баяндамасында бүгүн, 23-майда Бажы биримдигине арналган жыйындын жүрүшүндө экономикалык серепчи Кубат Өмүрзаков.
Анын айтымында, Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары: сатуу рыногунун чоңоюшу, инвестициялардын келиши артат, атаандаштыктын деңгээли өсөт. “Эң маанилүү жактарынын бири - Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин чек араларынын жоюлушу. Анткени жеке ишкерлер товарларын тоскоолдуксуз өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”,- деди адис.
Мындан тышкары ал терс жактары жөнүндө да айта кетти. “Бажы биримдигине кирсек, инфляция жана товарлардын баалары өсүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле бюджетте жоготуулар күтүлөт. Реэкспорттун төмөндөшү, бажы тарифтеринин өзгөрүп кетиши да коркунучтуу. Базарларда иштеген 55 миңге жакын сатуучу жумушсуз калышы мүмкүн”,- деди Өмүрзаков.